З. Мамбеткуловдун кээ бир массалык каражаттарына чыккан арыздары боюнча МСКнын төгүндөөсү

         Кыргыз Республикасынын карамагындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Бактыбек Ашировдун дарегине Түндүк аймактар аралык салык башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Мамбеткулов тарабынан такталбаган дооматтар айтылган. Бул маселеге алгач анча деле көңүл бөлүнгөн эмес, бирок, З. Мамбеткулов бардык маалымат булактарын пайдаланып, төраганы каралаганын күчөтүп, элге туура эмес маалыматтарды  берүүнү күчөткөнүнө байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы анын койгон дооматтарынын ар бирине жооп берүүнү туура көрдү. 

      З. Мамбеткуловдун «Кызматка киришээрим менен бир ай өтүп-өтпөй, коррупция схемаларын изилдеп, 500 млн. сомго жакын бюджет жоготууларын таптым, ушуларды ишке ашыралы деп төрагага киргенден кийин эле кылдан кыйкым таап, мени кызматтан кетирүүгө жандалбастап калды» деген сөзүнүн чындыгы төмөнкүчө. Чынында эле ушундай маселе менен З.Мамбеткулов Б.Ашировдун кабыл алуусунда болгон. Бирок, З.Мамбеткулов көтөргөн маселе ал алып келгенге чейин эле Түндүк аймактар аралык салык башкармалыгы тарабынан козголгондуктан, Салык кызматынын төрагасынын буйругунун негизинде Аламүдүн, Жайыл, Сокулук, Ысык-Ата райондорунун жана Токмок шаарынын салык башкармалыктарынын 2010-жылдын март айынан 2011-жылдын март айына чейинки жана Москва районунун салык башкармалыгынын 2010-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 28-февралына чейинки ишмердүүлүктөрүн ички аудит текшерип, үстүбүздөгү жылдын  2-мартында  анын жыйынтыгын чыгарышкан. Бул текшерүү иштерин уюштурууну Түндүк аймактар аралык салык башкармалыгынын башчысынын өзү жүргүзүш керек эле. Ал болсо жогору жакка шылтап коюп, бардык жоопкерчиликтен арылгысы келүүдө. Дагы бир белгилей кетчү нерсеЗ.Мамбеткулов 500 млн. сомдук бюджет жоготууларын «бир айда таптым» деп, мурда областтын салыкчылары тарабынан изилденип, сунушталган документке кол коюп алып келген.

     З. Мамбеткулов андан ары «Б. Аширов коллегия чакырып, «З.Мамбеткулов жумушка чыгаары менен тез арада иштен айдалсындеген бүтүм чыгарганы мага малым болду» дейт. Коллегия өтүп жатканда ал оорууканада экендигин айтат. Биринчиден, коллегияны бир-эки күндө чакыра койбойт. Анын өтөөр күнү 1-2 жума мурда белгилүү болот. Демек коллегия болоор күндү З.Мамбеткулов билген. Ар кайсы гезиттерге барып маек берип, пресс-конференцияларды уюштурганга убакыт тапкан З.Мамбеткулов, ошол коллегия болоор күнү 2 саатка убакыт таппай калганын кандай түшүнсөк болот. Анан дагы, «…мага рахмат айткандын ордуна, бүгүнкү күнү кайра болбогон шылтоо менен «сөгүш» жарыялап отурат» дейт. Планын аткарбаса башынан сыламак беле, сөгүш алат да. Өткөн жылдын 9 айынын да, жылдын жыйынтыгын да аткарган жок. Быйыл да биринчи кварталдын планын аткарууну үзгүлтүккө учуратты. Кыскасы, акыркы коллегия болгонго  чейин З.Мамбеткуловго 2 жолу эскертүү, бир жолу сөгүш, бир жолу катуу сөгүш берилген. Жетекчи болгондон кийин бир жыйынтыкка келет эле да. Өзүнүн иши ак болсо, кызматтан алуу боюнча чечим чыкканга чейин, сөгүш алганда эле өзүнүн ак экенин далилдебейби?

    «Мени кабинетине чакырып алып, «…жылдын жыйынтыгында сен планды аткарган жоксуң, кварталдын жыйынтыгын чыгарган жоксуң» деп, мага «увольнениеге» арыз жаз, болбосо статья менен кетесиң деди» дейт З.Мамбеткулов. Замирбек жигит болгон соң, сөздү бурмалабай айтпайбы. Анда мындай сөз болгон. Б.Аширов «Чүй облусунун жетекчилиги тарабынан сени кызматтан алуу боюнча 2-жолу көрсөтмө-кат келди, башка салык башкармалыктарындагы вакансия орундардардын бирине которуп коеюн» дегенде, Замирбек мырза «мен эч жакка кетпейм, керек болсо элди көтөрөм» деп эшикти карс жаап чыгып кеткен. Жигит болгондон кийин чынын эле айтпайбы. Бул коллегияга чейинки болгон окуя.

    Дагы «Салык боюнча ар бир райондун жетекчилиги «юридикалык лицо» болуп эсептелгендиктен, кетирген кемчиликтерине керт башылары менен жооп берүүлөрү шарт» дейт. Ооба, ар ким өзүнө бекитилип берген аймакка жооп берүүлөрү тийиш. Айтмакчы, 2010-жылдын 29-октябрындагы Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын «2010-жылдын 9 айындагы Чүй облусу боюнча салык төлөмдөрүн чогултуунун абалы жана салык карыздарын төмөндөтүү боюнча жумуштар жөнүндөгү» №82 Токтомунда «…салык базасын, мамлекеттик бюджетти толтуруунун резервдеринин эсебин өз учурунда тактоо боюнча №26-КТ токтомунун 7-пунктун аткаруу үчүн зарыл чараларды кабыл албагандыгы, ошондой эле салык кызматынын иштерин координациялоо боюнча начар уюштуруу иштери үчүн…» З.Мамбеткуловдун иши канаатандыралык эмес деп табылып, анын ээлеген кызматына ылайык келбестиги жөнүндө айтылып, аны кызматтан алуу боюнча 2010 – жылдын 13-ноябрында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына Чүй областынын губернатору С.Абдырахмановдон СУ-10\1048 номерлүү көрсөтмө-кат келген.

       Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында да Чүй областы боюнча салык төлөмдөрүн түшүрүү боюнча уюштуруу иштери  начар жүргүзүлүп, област боюнча  план көрсөтмөлөрдү аткаруу үзгүлтүккө  учураткандыгына байланыштуу Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу А.Азыранкуловдон З.Мамбеткуловду кызматтан бошотуу боюнча 2011-жылдын 7-апрелинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына  АА-5/1117 номерлүү көрсөтмө-кат келген.   Чүй облусунун жетекчилери бул чечимди жөн эле асмандан алышпагандыр. Алар да облустагы салык ишмердүүлүгүн анализдегенден кийин кат жолдошту да. Ушундан эле З.Мамбеткуловдун  кандай жетекчи экендигин баамдасак болот. Эмне үчүн З.Мамбеткулов өз иши үчүн «керт башы» менен жооп бербей, бардык шылтоолорду бөлөктөргө оодарат?

      Ал эми аны кызматтан четтетүү боюнча чечим анын жылдык, кварталдык пландарын аткарбагандыгы жана жогорудагы губернаторлордун каттарынын негизинде коллегия тарабынан кабыл алынган. Коллегия курамында жеке эле салыкчылардын өкүлдөрү гана эмес, финансы министрлигинин, өкмөт аппаратынын да өкүлдөрү бар. Ошондуктан бул чечимди жеке эле Бактыбек Ашировдун чечими десек жаңылыштык болоор эле.  Бирок, бул чечим З.Мамбеткуловдун ооруканада жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтотулган. Эгер З.Мамбеткулов бул чечим менен макул болбосо, элди дүрбөтпөй, сот аркылуу чечип алса туура болоор эле.

      З.Мамбеткулов «Мен конкурска катышып, 6 талапкердин ичинен бул орунду жеңип чыккам, » деп төшүн койгулайт. Жеңген бир бөлөк, иш аткаруу бир бөлөк экенин ал эмнеге түшүнбөйт. Баарыбыз эле конкурста жеңип алганбыз деп, кыйратып аткарган алгылыктуу ишибиз жок, же кызматтан кетпей догурунуп жүрө берсек, өлкөбүз өсүп-өнүгөбү? Тескерисинче,  мына ушундай кызматкерлерден арылганда гана өлкөбүз өсүп-өнүгөөрүндө шек жок.

     Айласы кеткенде ал «Б.Ашировду маркум М.Садыркуловдун, И.Гаипкуловдун кадры, Акаевдин, Бакиевдин тушунда алар менен чогуу иштешкен, аны кызматтан кетирүү керек» дегендей сөзүн айткан. Иштесе эмне экен? Өзү деле «тигилердин» убагында майлуу-сүттүү орундарда иштеп жүрбөдү беле. Алардын ишин кайсыл мезгилде иштегени эмес, учурда өлкөбүздүн жүгүн канчалык деңгээлде көтөрүп жаткандыгы менен баалашыбыз керек. Учурда мамлекетибиздин казынасын толтурууда, темирдей катуу тартип болбосо, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү мүмкүн эмес. Ал эми өлкөбүздүн  казынасын толтуруунун бирден-бир булагы салык төлөмдөрү болгондуктан, салык кызматындагылар бул жоопкерчиликти туура түшүнүп, жигердүүлүк менен иштеши керек жана иштеп жатышат. Анын үстүнө салыкчыларга быйылкы жылы өткөн жылга караганда 6 млрд. сом ашык чогултуу милдети коюлуп отурат. Мына, май айынан тарта мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктары көбөйдү. Аларга төлөнүүчү каражаттар өлкөбүздүн казынасынан кетээри турган иш. Ошондуктан З.Мамбеткуловго окшоп иштей албагандар догун артпай кызматын өткөрүп берүүсү абзел деп ойлойбуз. Мына, акыркы маалымат боюнча З.Мамбеткулов жетектеген Түндүк аймактар аралык салык кызматынын башкармалыгы үстүбүздөгү жылдын 4 айынын планын  93,4 пайызга араң аткарышыптыр.  Замирбек мырза ар кайсыл ММКна маек берип, пресс-конференцияларды өткөрүп,  чоңдорго даттанып, убактысын кетирип чуркагандан көрө, кол алдындагы салык башкармалыктарынын абалын сурап, алардын план аткаруусуна чуркаса, балким ал жетектеген башкармалык планын аткарат беле, ким билет.

       З.Мамбеткулов «…кадрларды себеби жок «свой» жана «чужойго» бөлгөнү дагы бир нааразылыкты жаратаары бышык» дейт. Эми адам болгондон кийин, жолдош-жоро күтөт да. Чогуу иштеген кызматкерлердин айрымдары менен ымаласы жакын болуп, алар менен үй-бүлөлөрү менен катыш болушат, айрымдары менен жөн гана саламы түз болуп дегендей. Баарыбыз эле ар кандай жамаатта иштейбиз, ал жерден жолдош-жоро күтөбүз. Бул жерден З.Мамбеткуловдун «бөйрөктөн шыйрак» чыгарганы болбостур

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы