Калп айткандын да чеги болот.  «Учур» гезитинде чыккан макалага расмий жооп»

 

«Учур» гезитинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Б. Ашировдун аброюна шек келтирген макала жарыяланып, анан төрага гезитти сотко берип, 1 млн. сом айыпка жыккан. Мына ошондон кийин «Учур» гезитинин кызматкерлери төрагага болгон «чабуулун» күчөтүштү.

Буга алар мурда салык кызматында иштеп кеткен, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесинин 5-пунктун жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө» Жобонун 4-пунктун одоно бузгандыгы далилденгенден кийин гана этика комиссиясынын жыйынтыгынын жана профсоюз уюмунун макулдугунун негизинде кызматтан четтетилген Керимбек Сарбашевдин сөзү менен жамандоого өтүшүптүр. Бирдеме болсо, гезит кызматкерлери «биз ар кимдин оюн билдирүүгө милдеттүүбүз» дешип, макала-маекте айтылган жалган фактыларды К.Сарбашевге оодарышып, өзүлөрү «бээ көрдүңбүжок, төө көрдүңбүжок» дешип четке чыга беришээри маалым. Анткени, бул макала-маекти жазган автордун аты-жөнү көргөзүлгөн эмес. Ошондуктан, мындагы айтылгандардын бардыгы ушак сөз десек болот. Кийин бул гезитке статья менен кызматтан кетишкен мурунку салыкчылардан дагы ушундай макала жарыяланса, ага деле таң калбай эле койгонубуз оң, анткени, «армандуу катын кошокчу» дегендей, тигилер өз күнөөлөрүн мойнуна алышпай, башсалыкчыны жамандап, салык ишине көлөкө түшүрөөрү боло турган иш.

Чынын айтыш керек, гезитке эч кандай күнөө койгубуз келбейт, анткени ал К.Сарбашевдин айтканын жазды да. Бирок, «чапанчанды чапсаң, көйнөкчөнгө доо кетет» дегендей, башсалыкчыга ар кандай болбогон күнөөлөрдү жабыштыра берген К.Сарбашевдин жалган айткандары жеке эле башсалыкчыга гана эмес, жалпы эле салык тармагында иштегендердин беделине дагы доо кетирип жаткандыктан, ушул каяшаны айтууга туура келди.

Макала-маек К.Сарбашевдин «Мен үчүн Аширов ителгинин тырмагындагы көгүчкөндөй…» деп айткан сөзүн тема кылып, «Учур» гезитинин 14-июлдагы санына жарыяланган. Эми анын айтып отурганын окусаң, айткан ал эмес, окуган өзүң уяласың. Анда козголгон фактыларды убагында Түндүк аймактар аралык салык башкармалыгынын жетекчиси З.Мамбеткуловду кызматтан алабыз дегенде да ал бир нече гезиттерге ушул маселелерди айтып чыккан болчу. Ал боюнча  комиссиялар текшерип, эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Эми ал ушактарды К.Сарбашев козгоп отурат.

Калп айткандын да чеги болот да. К.Сарбашев учурда жумуштан кеткен адамдар катарынан эле соттон утуп жатышат деп божураптыр. Жумуштан кеткендер сотко кайрылышы мүмкүн, бирок азырынча жыйынтыгы чыга элек. Мында Сарбашев мырза «чабал өрдөк мурда учат» болуп, «беш өрдөгүн» учуруп жибериптир. Айтмакчы, жумуштагы кемчиликтери, белгиленген планды такай үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн З.Мамбеткуловду коллегиянын чечими менен кызмат ордунан бошотуу каралган болчу. Ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык башкармалыгынын башчысы  да планын  аткарбагандыктан кызмат ордунан кол жууган турат. Ал жумуштан кетээрин билип, Мамбеткуловго окшоп ооруканага жатып алды. Эми алардын маселеси «оорулуулардын» ооруканадан чыккандан кийин чечилет окшоду. Муну айтканым, азыр салык кызматынын алдында бюджетке каражат чегерүү боюнча олуттуу маселе турат. Аны аткаруу салыкчылардын милдети. Ошондуктан, планын аткарбаган жетекчилерге аесуз чара көрүлүүдө. Муну болсо айрымдар түшүнбөй, колдорунан ал иш келбесе деле, ар кандай айла-амал менен кызмат орунун бошотуп бергиси келишпей, башсалыкчы жөнүндө болбогон ушак-айыңдарды таратышууда.

Ал эми Жайыл райондук мамлекеттик салык башкармалыгы жөнүндө айтып келип, Жогорку Кеңештен келген «Тимур браттын» аты-жөнүн толук бербегени кызык. Эгер «Тимур брат» депутат болуп калса, менин атыма шек келтирдиңер деп, гезитти да, маек берген адамды да сотко берсе, анда гезит дагы, К.Сарбашев дагы олчойгон айыпка жыгылаары турган иш. Ошондон коркуштубу, калп айткандарын жымсалдап, «Тимур брат» деп, анын аты-жөнүн толук беришкен эмес. Демек, бул да калп десек болчудай. Кыскасы, маек берген адам «тигиндей экен, мындай экен, тигинтиптир, минтиптир» деп, өзүнүн айткандарына өзү күмөн ойду жаратып отурат. Макала баштан аяк ушундай күмөн ойлор менен коштолгон. Болбосо так эле айтышпайбы, тиги-бу деп.

Сарбашев мырза башсалыкчыны «мыйзамдын негизинде тытып жеп коем» дептир. Анда эмнеге сотко кайрылбай, гезит бетинде «ушакчы катындардан бетер» тиги эле, бул эле деп ар кайсынын башын айтып, элдин башын айлантат. Жигит деген жигиттей болуш керек да…

Бул макала «Салык INFO»

гезитинде жарык көргөн